КР ТИМде экономикалык дипломатия боюнча практикалык документтин бет ачары болду
КР Тышкы иштер министрлиги менен ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында, 13-мартта Министрликтин имаратында ТИМдин кызматкерлери үчүн экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча практикалык документтин бет ачары болуп өттү.
Документ ТИМдин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнө иш-сапарга жиберилген кызматкерлери тарабынан колдонууга арналган.
Документтин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү экономикалык багыттагы кызыкчылыктарын илгерилетүү маселелери боюнча дипломаттардын алдында турган милдеттерди практикалык толуктоо, ошондой эле максаттарга сереп салуу болуп саналат.
