Кыргызстанда бир жумада 208 мас айдоочу кармалды
23 декабрь

Кыргызстанда бир жумада 208 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 16сынан 22-декабрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 16 миң 673 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 473;
  • мас абалында автоунаа башкаруу – 208;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 45;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 151;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 030;
  • автоээнбаштык – 28;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 720;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 016;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 180  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.