Кыргызстан менен Литва транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
14 март

Кыргызстан менен Литва транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Литванын Кыргызстандагы элчиси Эгидиюс Навикас менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Тараптар транспорт жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат бланктарын берүүнү жана колдонууну жеңилдетүү, уруксат кагаздарынын саны, ошондой эле эки өлкө ортосунда автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун кароону тездетүү маселесин карашты. 

Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жолугушууга Литванын Алматы шаарындагы Башкы консулу Гвидас Керушаускас жана министрликтин жооптуу кызматкерлери да катышты.