Султанбай Айжигитов УКМКга суракка чакырылды
29 апрель

Султанбай Айжигитов УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов социалдык тармактагы баракчасына УКМКнын кызматкери суракка чакыруу кагазын тапшырган видеону жарыялады.

Видеодогу диалогдон көрүнүп тургандай, УКМК Айжигитовдун жубайын депутат Динара Ашимованын жардамчысы кылып мыйзамсыз иштеткендиги боюнча 337-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат.