Ысык-Көлдөгү "Бар-Булак" пансионаты мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көлдөгү "Бар-Булак" пансионаты мамлекетке кайтарылды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2005-жылдын 29-мартында Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан Социалдык фонддун Тоң бөлүмүнө болгон карызын төлөө үчүн Ак-Терек айыл өкмөтүнүн балансында турбаган "Бар-Булак" пансионаты мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
Ага карабастан 2006-жылдын 20-декабрында сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде Б.Ж. аттуу жаран бул пансионатты Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнөн 2 542 740 сомго сатып алат. Бул бүтүм мамлекеттик каттоодон өтүп, Б.Ж. жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган.
Бирок, 2007-жылы Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун чечими менен Ак-Терек айыл өкмөтү менен Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнүн ортосундагы бүтүм жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу Б.Ж.га 2 542 740 сом өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылган, ал эми жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тиешелүү түрдө жокко чыгарылган эмес.
Ошентип, Б.Ж. 2006-жылдан тартып бул пансионатты мыйзамсыз пайдаланган жана бул мүлктү легалдаштыруу максатында документтерди жасалмалап, 2016-жылы кредит алган жана пансионатты "Айыл Банк"ААКсына салган.
Мындан улам, Б.Ж. документтерди жасалмалоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча шектелип, тергөө органдары тарабынан кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Ж. күнөөсүн мойнуна алып, "Бар-Булак" пансионатын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берген.
Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча адистер тарабынан баалоо экспертизасы жүргүзүлүүдө.
Тергөө уланууда.
