Кыргызстан Пакистан менен эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар
14 март

Кыргызстан Пакистан менен эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгамды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Пакистан өлкөсү менен эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

“Мамлекеттер аралык байланыштарыбыз жылдан-жылга бекемделип, Ислам кызматташтык уюму, Шаңхай кызматташтык уюму өңдүү эл аралык жана аймактык бирикмелердин алкагында да тыгыз иш алып барып келебиз. Бирок эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз толук пайдаланылган жок. Анын ичинен транспорттук-логистикалык маселелерди чечүү менен соода байланыштарын тереңдетип, экономикалык мамилелерибизди өнүктүрүшүбүз керек”, – деди ал. 

Муну менен катар төрага билим берүү тармагындагы кызматташтык жигердүү уланып, учурда 18 миңден ашуун пакистандык студент Кыргызстанда билим алып жатканын белгиледи.

“Биз башка тармактарда да кызматташууну кеңейтүүгө даярбыз. Айрыкча энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди төрага.

Андан тышкары, CASA-1000 долбоорунун жакын арада ишке киргизилишин колдой тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле төрага Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиланинин Пакистанга расмий сапар менен келип кетүү боюнча чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алганын айтты.

“Парламенттер аралык кызматташуу мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, эки тараптуу өнөктөштүктүн жаңы багыттарын ачат”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Өз кезегинде элчи Хасан Али Зайгам Пакистан мамлекети үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.

“Биз бардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүп, ишкердик чөйрөнүн кызматташтыгын калыптандырууга аракет кылабыз”, – деди элчи.

Мындан тышкары, элчи медицина тармагы боюнча билим алууну каалаган пакистандык студенттер үчүн Кыргызстанда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык байланыштарды эки тараптуу иш сапарлар менен бекемдөө керектигине да токтолду.