Саламаттык сактоо министрлиги системадагы бюрократизмди азайтуу боюнча ишке кошулду
Саламаттык сактоо министрлигинде президенттин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократизмди жоюу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кеңешме болуп өттү.
Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүлгөн кызматтарды бюрократизмден арылтуу боюнча масштабдуу иштерди баштады.
Бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин алкагында үч негизги багыт боюнча иш-аракеттерди талдоо жана оптималдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү: бизнес менен иштөөдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар, калкты тейлөөдөгү бюрократия жана министрликтин ичиндеги бюрократия.
Бюрократизмди жоюу боюнча иштер медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ашыкча процедураларды кыскартууга жана жарандардын саламаттыкты сактоо системасы менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.
