ИИМ аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө 30 жаңы унаа тапшырды.
ИИМдин борбордук аппаратынын имаратынын алдында бүгүн, 14-мартта аймактык бөлүмдөргө жаңы автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
ИИМдин имаратынын алдында жаңы кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу иш-чарасы болуп, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган 30 «Нива» үлгүсүндөгү унаалар аймактык бөлүмдөргө бөлүнүп берилди.
Бул 30 автоунаа милициянын аймактык бөлүмдөрү үчүн алынган. Алардын:
- 10 унаасы - Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция бөлүмдөрүнө,
- 10 унаасы - Ош шаарынын бөлүмдөрүнө,
- 10 унаа - Бишкек шаарынын бөлүмдөрүнө берилди.
Керектүү техникалык жактан жабдылган автоунаалар жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чара көрүү үчүн берилди.
