Парламент «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү четке какты
3 октябрь

Парламент «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү четке какты

Жогорку Кеңештин 3-октябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Акционердик коомдор жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору Алмазбек Примов белгилегендей, жогоруда аталган мыйзамдын 31-беренесин толуктоо сунушталат.

Ага ылайык, мамлекет акциялардын 50 жана андан ашык пайызына ээ болгон акционердик коом отчеттук жылдын биринчи кварталынын, жарым жылдыгынын, тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жана отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мезгил аяктагандан кийин бир айдын ичинде дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбооруна карата ишкерлердин пикирине кызыкса, эл өкүлү Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорунун жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү керектигин белгиледи. 

Депутат Бактыбек Сыдыков сунушталып жаткан норма учурда иштеп жатканын айтып, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.