Депутат демонтаж болгон троллейбус линияларындагы жезди кимдер, канчага сатканына кызыкты
Депутат Ырысбек Атажанов Министрлер Кабинетин Бишкекте 2 жыл мурда демонтаж болгон троллейбус шаймандары кайда кеткени тууралуу отчет берүүгө чакырды.
Депутат бүгүн Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевге кайрылды.
“Троллейбустук линия боюнча маселе көтөрүп, жооп ала албадым. 210 чакырым, аны 2ге көбөйтсөк, 420 чакырым болот. Жезди килограммын 700 сомдон 1000 сомго чейин алышат экен. Доллар менен тапшырганда 2 млн- 3 млн 100 миң сомго чейин түшмөк. Ошол жездер кайда кетти? Сатылган болсо акчасы эмнеге жумшалды, бюджетке түштүбү? Такыр эле маалымат ала албай койдум. Кабелдерден башка дагы жер алдынан кеткен токтору, кыймылдаткычтары болгон, алар да металлга кирет”, - деди депутат.
Данияр Амангельдиев бул боюнча кат жүзүндө жооп берээрин айтты.
