Бишкектин мэри жаңыланган Тоголок Молдо атындагы скверин көрүп чыкты
22 сентябрь

Бишкектин мэри жаңыланган Тоголок Молдо атындагы скверин көрүп чыкты

-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Тоголок Молдо атындагы скверди жаңылангандан кийин көрүп чыкты.

Аймакты көрктөндүрүү алкагында 35 000 чарчы метр аянтка автоматтык сугат системасы орнотулуп, 33 000 чарчы метр жерге газон себилди. Топурактын абалын жакшыртуу үчүн 300 «Хово» жана 200 КамАЗ кара топурак төгүлдү.

Аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү: 12 туя, 22 гортензия, 20 вейгел, 12 можжевельник отургузулду жана бак-дарактарды санитардык жана декоративдик бутоо иштери  аткарылды.

Шаар тургундары үчүн 70 жаңы отургуч коюлуп, эски балдар аянтчасынын ордуна жаңысы орнотулду. Ошондой эле заманбап воркаут-зонасын куруу пландалууда. Мэрия аттракциондорду орнотуудан баш тартып, эс алуу жана спорт менен машыгуу үчүн шарт түзүүгө басым жасады.

Жарыктандыруу системасы жаңыланды: 57 орто жана 14 чоң чырактар демонтаждалып, сырдалып, лампалары алмаштырылып кайра орнотулду. Мындан сырткары, 3 234 бордюр сырдалып, 920 чарчы метр асфальт төшөлмөсү калыбына келтирилди жана 30 жаңы таштанды челеги коюлду.

Сейил бакта Сооронбай Жусуевге эстелик тургузуу пландалууда.

Ошондой эле үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн өзүнчө аймакты белгилөө жана коомдук даараткана орнотуу каралган.

2026-жылы шаарда 26 санитардык объектти орнотуу пландалууда, анын ичинде майыптыгы бар инсандардын жана кичинекей балдары бар ата-энелердин керектөөлөрү эске алынат. Мындай эки объект курулуп бүткөн.

Сейил бакты жаңылоо иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин, мэриянын, демөөрчүлөрдүн жана шаардык кызматтардын колдоосу менен жүргүзүлүүдө.