Электрондук балык уулоо билети эми онлайн режиминде жеткиликтүү
14 март

Электрондук балык уулоо билети эми онлайн режиминде жеткиликтүү

Эми министрликтин – rb.gov.kg. расмий сайтында электрондук балык уулоо билетин (EFT) толугу менен онлайн  алса болот. 

Бул кызмат Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Анын максаты - балык уулоо билетин алуу процессин бардык жарандар үчүн ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү кылуу.

Электрондук балык уулоо билетин кантип алуу  керек?
1.rb.gov.kg.  сайтына өтүңүз. 
2.Жарандыгыңызды тандаңыз.
3.Толук аты-жөнүңүздү киргизиңиз.
4.Электрондук почта дарегиңизди киргизиңиз (ага билеттин QR коду жөнөтүлөт).
5.Балык уулоо жолунун түрүн тандаңыз - наркы автоматтык түрдө эсептелет.
6.Аймакты, көлмөнү көрсөтүңүз жана билеттин башталышын  күнүн тандаңыз.
7.Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугуңузду бериңиз.
8.«Тариздөө» баскычын басыңыз.

Билетке кантип төлөө керек?

Ийгиликтүү катталгандан кийин QR коду сиздин электрондук почтаңызга жөнөтүлөт. Аны Кыргыз Республикасындагы каалаган банктык тиркеме же мобилдик капчык аркылуу төлөө үчүн колдоно аласыз.

Эми балык уулоо абдан  ыңгайлуу болуп калды – билетти онлайн чыгарып, сүйүктүү хоббиңизден ырахат алыңыз!

Билет кантип текшерилет?

Балык уулап жатканда егерь (мергенчи) билетиңизди текшериши мүмкүн. Бул үчүн сиз QR кодун беришиңиз керек, ал төмөнкүнү текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет:
• Билеттин жарактуулугун текшерүү
•Анын жарактуу мөөнөтүн тактоо
•Уруксат берилген балык түрлөрүн көрүү.
•Системага балык кармоо маалыматтарын кошуу.