Ошто заманбап күнөскананын курулушу жүрүп жатат
Ош шаарындагы С. Бахапова көчөсүндө шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасына заманбап күнөскана куруу иштери жүрүүдө.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда аталган жерди тегиздөө жана тосмолору курулууда.
Ал эми эски күнөскананын орду жанаша жайгашкан ишкананын унаа токтотуучу жайына кошулуп кеңейтилет.
