Оштогу Ленин жана Нурматов көчөлөрүн кеңейтүү иштери башталды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Ленин көчөсүнүн Асранкулов көчөсү менен кесилишинен Нурматов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү иштери башталды.
Ага ылайык жол 12,5 метрге кеңейтилип, тротуар, жашыл аймак, ирригациялык тармактар орнотулат.
Аталган жол тилкеси Нурматов көчөсүн бойлой түшүп, ал жердеги көпүрөгө чейин кеңейтилет.
