Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегация Ташкент шаарына келди
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегация бүгүн, 6-апрелде Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарындагы эл аралык аэропортко барып конду. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлайт.
Жогорку Кеңештин төрагасын аба майдандан Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Илим, билим, маданият, спорт жана жаштар маселелери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Одилжан Иминов баштаган жетекчилер жана эки өлкөнүн элчилери тосуп алды.
Алсак, Нурланбек Тургунбек уулу Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышуу үчүн Ташкент шаарына иш сапары менен барды.
Ассамблеянын алкагында төрага атайын баяндама жасап, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
