Кыргызстанда балдарды коргоо үчүн толуктоочу иммунизациялоо кампаниясы уланууда
Кыргызстанда балдарды коргоо үчүн толуктоочу иммунизациялоо кампаниясы уланууда, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Новониколаевка айылында пландуу эмдөө алкагында балдарды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоого багытталган иммунизация иштери жүрүп жатат.
Эмдөө пунктуна кайрылгандардын арасында көп балалуу эне Айнура Жоошбек кызы да болуп, ал 6 жаштагы эгиз кыздары Фатиманы жана Вазипаны эмдөөгө алып келди. Бул иш-чара өсүп келе жаткан муундун дени сак келечегин камсыздоого багытталган жалпы улуттук программанын бир бөлүгү болуп саналат.
Саламаттык сактоо министрлиги демилгелеген толуктоочу иммунизациялоо программасы 1 жаштан 5 жашка чейинки, пландуу эмдөөнү өткөрүп жиберген балдарды камтыйт. Программа 31-декабрга чейин уланат.
\Жайыл районунда жашоочулар үчүн ҮДТ жана ФАПтарда 33 эмдөө пункту иштеп жатат, ал эми жалпы республика боюнча алардын саны 1700дөн ашат, анын ичинде төрөт үйлөрүндө да ачылган.
«Биз балдарыбызды жана жалпы калкты башкарылуучу жугуштуу оорулардан коргоп, жамааттык иммунитетти түзүшүбүз керек», – деп белгиледи Жайыл районунун эпидемиологу Умида Басакова. Ал ата-энелерди эмдөөнү кечиктирбей, улуттук эмдөө календарына ылайык алып турууга чакырды.
Дарыгерлердин аракеттерине карабастан, эмдөөдөн баш тартуу маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калууда. Новониколаевка айылында балдарын эмдетүүдөн баш тарткан 45 үй-бүлө катталган. Өлкө боюнча бул көрсөткүч андан да жогору – 2025-жылдын биринчи кварталында эле 3,5 миңден ашуун баш тартуу учурлары катталган. Бул калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын көрсөтөт.
Кампания эмдөөдөн өз убагында өтпөй калган өспүрүмдөрдү жана чоң адамдарды да камтыйт. Дарыгерлер шаар жана айыл тургундарын бул программага активдүү катышууга чакырып, эмдөө – бул жекече коргонуу гана эмес, жалпы коомдун ден соолугуна кошкон салым экенин эскертишет.
Айнура жана анын эгиз бкыздарынын окуясы – балдардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиленин жаркын үлгүсү. Дүйнө жүзүндөгү инфекцияларга каршы күрөшүү тажрыйбасына таянып, Кыргызстан да кооптуу оорулардын чыгуу коркунучун азайтуу багытында маанилүү кадам жасап жатат.
