Баткендеги Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды
14 март

Баткендеги Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды

Баткендеги Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды, деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. 

Курулушка Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев капсула салган.

Чек арадагы эл үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак жерлигинен ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат.

"Ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.