Ошто “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгү 14-июндан тарта ачылат
3 июнь

Ошто “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгү 14-июндан тарта ачылат

Ош шаарында “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгүн 14-июндан тарта ачууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда унаа базардын ички бөлүгүн толук асфальт басууга даярдоо, үстү жабык кошумча тосмолорду, коомдук тамактануучу жайларды, даараткана жана административдик имараттарды куруу иштери жүрүп жатат.

Айланасы атайын тосмо менен тосулуп, кире беришине автоматтык төлөм системасы орнотулууда.