Таласта 879 даана эски жыгач мамычалар темир бетон мамычаларга алмаштырылат
14 март

Таласта 879 даана эски жыгач мамычалар темир бетон мамычаларга алмаштырылат

2025-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасы тарабынан жалпы 879 даана эски жыгач мамыча темир бетон мамычага алмаштыруу пландалууда.

Бул иш-чаранын максаты - электр энергияны туруктуу камсыз кылуу, аварияларды алдын алуу жана коопсуздукту жогорулатуу.

Мамычаларды алмаштыруу иштеринин өтүүчү аймактары:

  • Манас району – 80 даана
  • Бакай-Ата району – 169 даана
  • Айтматов району – 125 даана
  • Талас району– 491 даана
  • Талас шаары – 14 даана

Талас облусунда жалпы 10-0,4 кВ аба чубалгысынын 217,630 км капиталдык оңдоо иштеринен:

  • Талас шаарында: 4 км
  • Талас районунда: 142,570 км
  • Айтматов районунда: 52,460 км
  • Бакай-Ата районунда: 18,600 км

Ал эми, 10-0,4 кВ аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери:

  • Жалпы: 3764,025 км аба чубалгысы
  • Талас шаарында : 267,189 км
  • Талас районунда: 1083,165 км
  • Бакай-Ата районунда: 615,439 км
  • Айтматов районунда : 1143,118 км
  • Манас районунда : 655,114 км

Талас облусу боюнча 167 даана трансформатор капиталдык оңдоодон, 1234 даана трансформатор техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлөт.

Капиталдык оңдоо иштери:

  • Талас районунда: 54 даана
  • Бакай-Ата районунда: 39 даана
  • Манас районунда: 16 даана
  • Айтматов районунда: 36 даана
  • Талас шаарында: 22 даана трансформатор

Техникалык тейлөө иштери:

  • Талас районунда: 386 даана
  • Бакай-Ата районунда: 266 даана
  • Манас районунда: 129 даана

Айнус ПС Жаңы:

  • Айтматов районунда: 278 даана
  • Талас шаарында: 175 даана трансформатор

Жаңы трансформаторлор:

  • Манас районунда 3
  • Айтматов районунда 2

Трансформатор кубаттуулугун жогорулатуу:

Талас шаары, Бакай-Ата, Айтматов, Талас районунда жалпы 13 даана трансформатордун кубаттулугу жогорулатылат.

Мындан тышкары 2025-жылы март айынан октябрь айына чейин Талас электр тармактар ишканасы 35кВ аба чубалгы линияларында масштабдуу ремонт иштерин өткөрөт. Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы тарабынан жүргүзүлчү иш-чаралардын алкагында 3300 фарфор изоляторун айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалууда.