Токтогул районунда жер титирөө катталды
14 март

Токтогул районунда жер титирөө катталды

Токтогул районунда жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 14-мартта саат 03:06да Кыргызстандын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бор-Дөбө тилкесинде 3,5 балл, Жетиген, Кетмен-Төбө, Саргата, Камыш-Башы (Чалдыбар), Көк-Бел, Кызыл-Ураан айылдарында 3 баллга (Бор-Дөбө тилкесинен 7 чакырым түштүк батышта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Жетиген айылынан 13 чакырым түштүк батышта, Саргата айылынан 15 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.