Чүй ОИИБ
13 июль
Чоң-Кеминде 1 тоннага жакын кара куурай жок кылынды
«Кара куурай – 2026» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында Кемин райондук милициянын кызматкерлери Чоң-Кемин айыл аймагында жапайы өскөн кара куурайларды аныктап, жок кылышты.
Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө жалпы аянты 0,5 гектарды түзгөн, салмагы болжол менен 1 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынды.
Бул иш-чаранын негизги максаты – курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз жайылышына бөгөт коюу, баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоонун жана жүгүртүүнүн алдын алуу болуп саналат.
