Нурланбек Тургунбек уулу: Бийлик баарыбызга жетет – президентке да, парламентке да
«Биз буга чейин саясий оюндун, бийлик талашуунун капшабында калып, экономиканы унутуп койгонубуздан артта калдык. Азыр андай көрүнүштөр жок, бийлик баарына жетет: президентке да, парламентке да», – деди спикер Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында.
Ал президент, Жогорку Кеңеш, сот бийлиги, Министрлер Кабинети ынтымакта иш алып баргандыктан, өлкөдө соңку жылдары экономикага алдыга жылып, туруктуу өсүштөрдү жасап, ИДП 9 пайыздан түшпөгөнүн белгиледи.
«Андыктан касташтырган топтордун баасына көңүл бурбашыбыз керек. Парламентти министрлер тоготпойт, МинКаб төрагасы тоготпойт дешет. Өкмөттүк саат болгондо министрлер келбей койгон учур болду беле? Жок. Бюджет талкууланганда МинКаб төрагасы келип, ал турмак депутаттардын сунуш-пикири менен бюджеттин чыгаша-кирешесин корректировкалап турбадыбы. Кечээ эле президентибиздин катышуусу менен МинКабдын 7 мүчөсү ушул жерге келип ант беришти. Алар филармонияга, аянтка же театрга барып ат беришкен жок, парламенттин салмагы үчүн ушул жерге келишти. Ошондуктан парламенттин орду болбой калды, жоголду деген пикирлерди таптакыр четке кагышыбыз керек», – деди спикер.
