Спикер: Бир ууч саясий топтун баасына терикпейбиз, жакшы-жаман айтсаңар дагы, мындан башка парламент жок!
Спикер Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында парламент өлкөдөгү мыйзам чыгаруу жаатындагы башкы орган экенин белгилеп, анын саясий оюндарга жана интригага аралаштыргысы келгендердин пикирине көңүл бурбай турганын билдирди.
«Коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу негизсиз да, негиздүү да сындар бар. 7-чакырылыш жөнүндө орундуу да, орунсуз да жакшы-жаман пикирлер айтылып келүүдө. Парламенттин табияты ушундай, бирок мен жаман пикирлерге кошулбайм, бизди жалпы кыргызстандыктар шайлаган, кандай айтышса дагы мындан башка парламент жок. Элдин үнүн астейдил чагылдырып, өз ишибизди татыктуу алып баруудабыз», – деди спикер.
Ал коомчулукту терс баа берүүдөн карманууга чакырды.
«Биз Кыргызстандын бийлигинин бир бутагы. Болгондо да мыйзам чыгаруу бутагы. Мына, биз бийликпиз!
Парламент мурдагыдай эмес, алсырап калды дегендерге таптакыр кошулбайм. Анткени, кандай маселе болбосун ушул жерде чечилип, ушул жерде кабыл алынат. Бул жерде айтылбаган маселелер, кабыл алынбаган чечимдер ишке ашпайт жана иштебейт. Ошондуктан, биз бир ууч саясий топтордун баасына терикпейбиз, бизге элдин, 7 миллион шайлоочуларыбыздын баасы маанилүү», – деди Нурланбек Тургунбек уулу.
