Мамашева «Кыргызфармацияны» сынга алды: 7 айда төрт дары каражатын араң алып келди
Жогорку Кеңештин жыйынында Айсулуу Мамашева «Кыргызфармациянын» ишин сынга алды.
Айтымында, ооруканалар талап кылган дары-дармектерди өз убагында алып келүү процесси жөнгө коюлбаган.
«Онкологиялык оорукананы эле алалы, өткөн жылдын ноябрь айында 60 дары каражатынын тизмесин беришкен экен. Азыр, июнь айынын аягында болгону 4 дары каражаты келген. 56сы келе элек. Онкология – бул өзгөчө оору, аны менен ооруган адамдар күнүнө өз убагында дарыларды албаса, өтө жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Дары-дармектерди алып келүүдө эмнеге мындай кечигүү болуп жатат?» – деди депутат.
Ал ушундай эле көрүнүш башка ооруканаларда да кездешерин белгиледи.
«Ал турмак базалык нерселер жок: шпирц, физраствор. Мурда акысыз берилчү дары-дармектерди азыр бейтаптар өздөрү сатып алып, бул жагынан да жарандарга күч келүүдө. Мен бул маселени мурда да көтөргөм, тилекке каршы, чечилбей жатат», – деди Мамашева.
Ал ошондой эле «Кыргызфармациянын» дары-дармектерди сактоого ыңгайлашкан кампалары жоктугун, демек, ал жактан келген дарылар сактоо шарты сакталбагандыктан бузулушу мүмкүндүгүн эске салды.
Депутат дары-дармек менен камсыз кылуу ишинин жарымын мурдагыдай ФОМСке өткөрүүнү сунуштады.
