Бишкекте Курулуш колледжинин кафедра башчысы жана окутуучусу кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча каражаттарынын бир бөлүгүн алууда Бишкектеги Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин кафедра башчысы К.Д.С. жана окуу жайдын окутуучусу И.Н.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кармалган.
Мында, тергөө тарабынан И.Н.С. накталай жана М-банк мобилдик тиркемеси аркылуу 20 000 сомдон ашык өлчөмдөгү акча каражаттарын алгандыгы катталган.
Кармалган К.Д.С. тергөө алкагында КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми И.Н.С.га карата эч жака чыкпоо тил каты боюнча баш коргоо чарасы тандалып алынды.
КР УКМК билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча антикоррупциялык иш-чаралар уланып жатканын кабарлайт жана КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү максатында жарандарды коррупциялык фактылар боюнча маалымдоого чакырат.
