Түлөбаев: Төрөкул Айматовдун туугандары жашаган Кытай айылы бала бакча жана жолго муктаж
26 июнь

Түлөбаев: Төрөкул Айматовдун туугандары жашаган Кытай айылы бала бакча жана жолго муктаж

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдө Каракол шаарынын жанында жайгашкан Кытай айылынын көйгөйүн көтөрдү. 

«Илгери Төрөкул Айтматов Ысык-Көлгө барып иштегенде, Таластагы туугандары кошо келип, алар жашаган айыл Кытай деп аталып калган. 

Быйыл бул айылга 100 жыл толду. Айылдыктар 100 жылдыктын урматына бала бакча куруп, жолду асфальттап берүүнү суранып жатышат.

«Андан башка көйгөйүбүз жок, бала бакча менен жол гана керек», – дешет алар», – деди депутат. 

Ал президенттин жана МинКабдын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселени тиешелүү тарапка жеткирүүнү суранды. 

«Төрөкул Айтматовдун, Чыңгыз Төрөкуловичтин кыргыз элине кошкон салымын эске алып, бул маселелерин чечип берели», – деп кошумчалады.