Адылбек Касымалиев Тажикстанга жумуш сапары менен барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына 2025-жылдын 4-5-июнь күндөрү жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирет.
Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөөрү жана бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда.
