БШК жарандарды шайлоочулардын алдын ала тизмесинен өздөрүн текшерип алууга чакырууда
БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева жарандарды өздөрүн шайлоочулардын болжолдуу тизмесинен тактап алууга чакырды.
Айтымында, учурда шайлоочулардын тизмеси БШКнын сайтына илинди. Бул алдын ала тизме болуп саналат.
“4-октябрда сайтка алдын ала тизме илинди. 18-октябрдан баштап бардык шайлоо участокторуна илинет. Мен жарандарды чакырып кетет элем: тизмеден өзүңүздөрдү карап, кайсы шайлоо участогуна катталганыңыздарды билип алыңыздар. Эгерде суроо жаралса, 1255 жана 119 кыска номерлерине байланышып, жооп алсаңыздар болот. 119 кыска номерине ПИН жазып, өзүнүн кайсы участокко катталганын тактоого да мүмкүн”, – деди ал.
Ошондой эле, Айдана Жупуева “КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына жакында киргизилген өзгөртүүгө ылайык, азыр мурдагыдай партия – өзүн өзү көрсөтүү аралаш системасы жоюулуп, бардык депутаттар мажоритардык система менен шайланып келээрин белгиледи. Ага ылайык, ар бир округдан 3 депутат шайланат.
“Мында эл арасында туура эмес маалымат болууда: “3 депутат шайланса, 3 талапкерге белги коюшубуз керек турбайбы” деп кабыл алгандар бар. Жок, андай эмес. Бир шайлоочу – бир добуш. Бир шайлоочу добушун бир гана талапкерге бере алат”, – деди Жупуева.
Ал белгилегендей, октябрга карата Кыргызстанда 4 миллион 287 шайлоочу бар.
