Эмгек министри майып балдарга кресло-коляска тапшырды
29 апрель

Эмгек министри майып балдарга кресло-коляска тапшырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Ош шаарында болуп, майыптуулугу бар балдарга көп функционалдуу коляскаларды тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Министрдин айтымында, республика боюнча жалпысынан 304 даана кресло-коляска сатылып алынган жана алар 3 жаштан 18 жашка чейинки каттоодо турган балдарга таратылмакчы.

2025-жылдын 25-апрелинен тартып кресло-коляскалар региондордогу башкармалыктарга жеткирилүүдө. Азыркы учурда 60 даана кресло-коляска аймактарга жөнөтүлдү.

Бул иш-чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо сапатын жогорулатууга, алардын кыймыл-аракетин камсыз кылууга жана оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.