Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына кызматтык унаалар тапшырылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына бүгүн 9 кызматтык унаа расмий түрдө тапшырылды.
Унааларды министр Медер Машиев тапшырды.
Кызматтык максатта берилген унаалардын арасында Кыргызстанда чогултулган 5 даана JAC T6 маркасындагы авто унаа жана 4 даана BYD SONG PLUS электромобили бар.
Жаңы унаалар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзүп, иштин сапатын жогорулатууга чоң салым кошот.
