Бишкек: Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан сериялык уурулукка шектүүлөр кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Себеби, 2026-жылдын 19-февралында саат 14:00 чамасында ишенимине кирип, Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан батирине киришип, 120 000 сом акча каражатын, 150 евро, ошондой эле алтын буюмдарды — шакек, нике шакеги, сөйкө жана чынжырды жашыруун түрдө уурдап кетишкен.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган А.Г. жана 1993-жылы туулган И.Т. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги аныкталууда.
