Жогорку Кеңештин депутаттары эки айга каникулга тарады. Спикер депутаттарга ыраазычылык билдирди
26 июнь

Жогорку Кеңештин депутаттары эки айга каникулга тарады. Спикер депутаттарга ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды.

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу бардык депутаттарга ийгилик каалап, алдыдагы шайлоочулар менен жолугушчу бир айда орчундуу маселелерге көңүл бурууга чакырды. 

«Баарыңыздарга чоң ыраазычылык билдирем, абдан жемиштүү, маанилүү жыйын өткөрдүк. Бүгүнкү ийгилигибиз президенттин, Министрлер Кабинетинин биз менен биргеликте иш алып баруусунун, ЖК аппаратынын кызматкерлеринин талбаган эмгегинин натыйжасы. Ошондой эле иш башкармалыктын чарбалык маселелерд чечүүдөгү зор көмөгүнө ыраазычылык билдирем», – деди спикер. 

Ал белгилегендей, депутаттар эки айлык тыныгууга кетишет: анын бир айында шайлоочулар менен жолугушат, экинчи айында эс алышат.

Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.

Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.