Бишкектин түштүк бөлүгүндө 27-июнда таза суу жок болот
Бишкектин түштүк бөлүгүндө 27-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району:
11-кичи район – Көк-Жар кичи району – Улан кичи району жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешет.
Ичүүчү сууну өчүрүү 11-кичи райондогу суу түтүгүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
