Жыл башынан бери Кыргызстанда 200 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотту
2025-жылдын башынан тартып республика боюнча тиричилик абоненттерине 200,1 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетикалык тутумду модернизациялоого багытталган.
Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын керектөөнү онлайн режиминде эсепке алууга, бузулууларды тез арада аныктоого, уруксатсыз туташуулардын алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы тутум керектөөчүлөргө электр энергияны керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
2025-жылдын аягына чейин дагы 300 миң акылдуу эсептегич орнотууну пландалууда. Натыйжада алардын жалпы саны 500,1 миңге жетет. Орнотуу географиясы өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды да камтыйт.
Долбоор этап-этабы менен, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү администрациялар жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ишке ашырылууда. Электр энергиясын эсепке алуунун жаңы алеттерин колдонуу эрежелери боюнча калкты маалымдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
