Парламенттик шайлоо: 6 күн ичинде 106 талапкерден арыз түштү
БШКга 2-октябрдан 8-октябрга чейин өзүн өзү көрсөтүү жолу менен 106 талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева билдирди.
Айтымында, президенттин Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн бекиткен жарлыгынан кийин, 3 күндүн ичинде саясий партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирген кат жүзүндөгү арыз ташташы керек болчу.
“Үч күндүн ичинде үч саясий партиядан арыз түштү. Алар: “Легалайз”, “Ынтымак” жана “Кырк ууз”. Эми аталган саясий партиялар съезддерин өткөрүп, округдар боюнча талапкерлерин аныкташы керек”, – деди Жупуева.
Ал белгилегендей, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен бүгүнкү күндө 106 талапкер арыз жолдоду. Ошондой эле, БШК 30 шайлоо округдарынын чек араларын бекитти.
