Акаев: Эл жыгачтан көпүрө куруп алып, эптеп тиричилигин жасай бериши керек, ӨКМга ишенич жок
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев элдин коопсуздугу менен иш албаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразычылык билдирди.
Белгилей кетсек, аталган комитет аймактардагы ар кандай өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана анын алдын алуу чараларын каржылоону жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жүктөөгө негизделген мыйзам долбоорун карады.
Жанар Акаев Кара-Суу районундагы Талдык айылын мисал келтирип, анда эл дарыяга өз күчү менен жыгачтан көпүрө салганын, окуучулар мектепке баруу үчүн ошол көпүрөдөн жөрмөлөп өтүп жатышканын айтты жана ӨКМ министринин орун басары Эделбек Кулматовдон эмнеге ал жерге чыныгы көпүрө салынбаганын сурады.
Кулматовдун айтымында, ал дарыя эндүү, ошондуктан көпүрө салыш кооптуу, бул ӨКМнын колунан келбейт.
«Ошол жерден бир-эки чакырым ылдый жакта көпүрө бар, эл ошол жактан өтсө болот», – деди ал.
Акаев айыл өкмөттөрүнө ар кандай кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдарды берип коюп, ӨКМ эмне кылаарына кызыкты эле, ага мындай жооп болду:
«ӨКМде 15ке жакын ведомстволук ишкана бар. Былтыр 1 млрд 350 млн сомдук иш аткардык, быйыл да 300дөй объектини куруп жатабыз. Айыл өкмөттөрү кааласа каражат бербей эле койсун, ал өздөрүнүн укугу. Чоң-чоң көпүрөлөрдү айткан жокпуз, мисалы, майда-чүйдө иштерди, ошол эле арыктарды биз казбайбыз да. Же сел коркунучу жаралса, тендер деп отурбай, дароо каражатты чыгарып бере коюп, алдын алуу иштери жасалышы керек, мына, ошол үчүн гана аталган мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз», – деди Кулматов.
Депутат жергиликтүү эл кайсы жерге көпүрө керек болсо, өздөрү акча чогултуп куруп жатканын, кокус аны сел алып кетсе, кайрадан акча чогултушарын, а ӨКМ ошол көпүрөнү «бүткөрдүк» деп отчетуна жазып коюшарын айтты.
«Мен сиздин бардык суроолорго берген жоопторуңузду угуп жыйынтык чыгардым: элге өз тиричилигиңерди өзүңөр кылгыла. Эч нерсе өзгөрбөйт. Ошентип, жыгачтан көпүрө жасап алып, эптеп эки каттай бергиле деп жатасыз. Өнүккөн өлкөлөрдө беш окуучу үчүн да көпүрө куруп, жол салып жатышат. А бизде ӨКМ жасай албайт экен», – деди Жанар Акаев.
Ал ошондой эле аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берээрин кошумчалады.
