Акыйкатчы институту менен Кыйноолорго каршы улуттук борборду бириктирүү сунушталууда
29 апрель

Акыйкатчы институту менен Кыйноолорго каршы улуттук борборду бириктирүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Акыйкатчы институту менен Кыйноолорго каршы улуттук борборду бириктирүү боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы сунушталды. Ал депутат Карганбек Самаков тарабынан демилгелеген.

Депутат Дастан Жумабеков бул мыйзамга каршы келерин билдирди.

«Кантип бүтүндөй бир институттун үстүндө иштеп чыккан мыйзамды жокко чыгарып коебуз? Мен каршы эмесмин, кошулсун, оптимизация болсун, бирок анын мыйзамдуулугун карашыбыз керек», – деди депутат.

Депутат Чолпон Султанбекова бул сунуш добуш берүү жолу менен кабыл алынаарын белгиледи.