
Чатырларды, биодааратканаларды орнотуу: «Тазалык» МИ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар
«Тазалык» муниципалдык ишканасы келишимдик негизде кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири көлөмүн сунуштайт.
«Тазалык» МИ менен төмөнкү багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзсө болот:
- ассенизациялык машинанын кызматы (8м3), шаардын ичинде 1 рейс – 5 224,0 сом;
- ассенизациялык машинанын кызматы (8м3), шаардын сыртында 20 км чейин 1 рейс – 6 495,94 сом;
- DONGFENG шыпырып-тазалоочу машинанын кызматы (суу куюу), шаардын ичинде 1 рейс – 7 810,88 сом;
- Беларус-320 тракторунун щетка менен тазалоо же жуу боюнча кызматы 1 саатка – 2 679,80 сом;
- ХОВО самосвалынын кызматы (7 тоннага чейин же 7м3), ар кандай таштандылар жүктөөсүз 1 рейс – 3 396,20 сом;
- КДМ МАЗ 5912 шыпырып-тазалоочу машинанын кызматы, шаардын сыртында 20 км чейин 1 рейс – 6 836,13 сом.
Мындан тышкары, чатырларды, подиумдарды, темир тосмолорду, пластик контейнерлерди, биодааратканаларды жана башка көптөгөн нерселерди орнотуу кызматына тапшырык берүүгө болот.