«Ош базары»: башаламан соода, тазалоо жана объектилерди алуу
«Ош базары» соода борборунун аймагын санитардык жана өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык келтирүү боюнча белгиленген планга ылайык, көрктөндүрүү жана протоколдук тапшырмаларды аткаруу маселелери боюнча кезектеги жеринде текшерүү улантылды.
Суу ташкындарын алдын алуу, саркынды сууларды чыгарууну жана санитардык абалды жакшыртуу максатында ирригациялык тармакты тез арада тазалоо зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, Жаш Гвардия бульварынан Ала-Арча дарыясынын көпүрөсүнө чейинки эски бактардын ордуна жаңы бактарды отургузуу тапшырылды.
Текшерүү учурунда сел коркунучун азайтуу жана суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан Ала-Арча дарыясын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда жеринде 7 HOWO самосвалы жана 2 экскаватор иштеп, 2800 погон метр тазаланып, 22 968 тонна таштанды чыгарылды.
Бул жолу башаламан соодага жол бербөө иши "жайма базарды" камтыды. Буга чейин соодагерлерге Кулиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москвага чейинки эки тарабындагы муниципалдык аймакта мыйзамсыз соода-сатыкты токтотуу тууралуу эскертүүлөр берилген.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, муниципалитет тарабынан белгиленген шарттарда өзүнчө аймакта жайма базар иштетүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Тактап айтканда, чет мамлекеттердеги практика көрсөткөндөй, соода дем алыш күндөрү гана жүргүзүлөт. Эгерде соода иш күндөрү жүргүзүлсө, анда ал «башаламан» деп бааланат.
Белгилей кетсек, «Ош-Базары» соода борборунун аймагындагы мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде жалпысынан 192 000 сомдук 64 протокол түзүлдү. Аларга мурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.
Токтогул, Бейшеналиева, Кулиев көчөлөрүндө, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын боюнда мыйзамсыз орнотулган объектилерди демонтаждоо иштери уланууда. 33 жеңил объект демонтаждалып, жалпы 30 миң сомго 6 протокол түзүлдү. 14 жарнама тактасы, баннерлер жана стенддер алынып салынды.
Объекттери Ала-Арча дарыясынын боюна мыйзамсыз орнотулган шаар тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгиленгендей, демонтаждоо боюнча эскертүүлөр 5 күндүк мөөнөткө берилип, мөөнөтү бүткөн.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндө жобого ылайык, объекттер дарыядан 50 метр алыстыкта болушу керек. Мындай башаламан курулуштар өзгөчө кырдаал болгондо коркунуч жаратат. Учурда таштандыларды тазалоо жана мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Базарды көрктөндүрүү маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынат.
