Кызыл-Кыя шаарына жаңы коомдук автобустар сатып алынды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бүгүн, 19-апрелде жаңыдан сатып алынган 10 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саамалык салтанаттуу азем менен коштолуп, автобустардын ачкычтары айдоочуларга тапшырылды.
Иш-чарага КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, шаар мэри Алтынбек Бектуров жана шаар тургундары катышты.
Автобустар Кыргыз-ϴзбек ϴнүктүрүү фонду аркылуу лизингге алынды.
Техникалардын жалпы суммасы 740 000 АКШ долларын түздү. Анын 20 млн сому Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланды. Япон технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралган автобустарда заманбап, бардык шарты бар.
Белгилей кетсек, автобустардын келиши менен “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасында дагы 18 жумуш оруну түзүлдү. Буга чейин 38 адам эмгектенип турган. 2023-жылы да Кызыл-Кыя шаардык мэриясы Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү фонду аркылуу 10 автобус, 2 таштанды ташуучу унаа алган.
