Милдеттүү камсыздандыруу: мэр Айбек Джунушалиев мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү менен жолукту
25 март

Милдеттүү камсыздандыруу: мэр Айбек Джунушалиев мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү менен жолукту

Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылдын башынан март айына чейин калк арасында турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун жыйынтыктары талкууланды.

Борбор калаа башчысы турак-жайды жана автотранспорттук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, муниципалдык менчикти камсыздандыруу менен толук камсыздоо милдетин койду.

«30-40% болбошу керек, 100% талап кылып, ар кимдин милдеттемесин аныктап бекитүү керек», – деди мэр Айбек Джунушалиев.

Мындан тышкары, ар бир акимчиликке шаар тургундары менен тыгыз байланышта болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, камсыздандырылгандардын пайызын 50%га жеткирүү тапшырылды.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү борбор калаанын муниципалитетинин координацияланган ишин белгилеп, ошондой эле жарандардын камсыздандыруу сабаттуулугун жогорулатуу гана эмес, өзгөчө кырдаалдар жана жол кырсыктары учурунда калктын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналган иштин максаттарын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу жана жарандардын бардык категориялары үчүн камсыздандыруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн иш-аракеттерди мындан ары координациялоо жана маалымат алмашууга макулдашышты.

Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, жарандардын камсыздандыруунун зарылдыгы жана артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган Жол картасын ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул пландын алкагында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары, анын ичинде калк менен жолугушууларды өткөрүү, маалыматтык материалдарды таратуу, мыйзам ченемдерин жана камсыздандыруу шарттарын түшүндүрүү каралган.