
Жогорку соттун трагасы Кара-Көл шаардык сотуна барды
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Жалал-Абад облусунда иш сапары менен болууда. Жогорку соттун жетекчисин Жогорку сотун судьясы Турсунгуль Чаргынова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана Жалал-Абад облустук Сот департаментинин жетекчиси Алмаз Токтосунов коштоп жүрүшөт.
Кара-Көл шаардык сотуна келгенде Жогорку соттун төрагасын биринчи инстанциядагы соттун төрайымы Космира Джусупбекова тосуп алды.
Сот жамааты менен жалпы кеңешме өткөрүлүп, анда сот адилеттигин жүргүзүү сапатына байланышкан актуалдуу масласелер, турак жай көйгөйлөрү, кадрлардын жетишсиздиги сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү.
Жогорку соттун төрагасы сот кызматкерлеринин эмгек шарттары менен таанышуу учурунда соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүнө жана сот приставдарынын физикалык даярдыгына көңүл бурду.
Ошондой эле сот приставдары төрт мезгилге ылайыкталган форма менен камсыздалбаганы аныкталды. Бул маселени чечүү боюнча Алмаз Токтосуновго протоколдук тапшырма берилди.