Талас шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды
8 октябрь

Талас шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Талас шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушуна старт берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Анын айтымына караганда, мындан бир ай мурун мамлекет башчысы Талас жана Нарын облустарында жеткиликтүү батирлер өтө аз экенин баса белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырган.

"Талас шаарында тарыхта биринчи жолу 9 кабаттуу турак үйлөр курулууда. Бул үйлөргө лифттер орнотулат, батирлердин саны 405 болот. Бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү жана үч бөлмөлүү батирлерден тышкары, унаа токтотуучу жайлар да каралган. Бул долбоор таластыктар үчүн жаңы деңгээлдеги жашоо шартын түзөт.

Ошондой эле биз Алымкулов көчөсүндө салынып жаткан 319 батирден турган турак үйлөрдүн абалы менен да тааныштык. Курулуш иштеринин темпи жакшы, аларды 2026-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берүү пландалууда", - деди ал.