Амирдин өлүмүнөн кийин: тоо туризмин сүйүүчүлөргө GPS-трекер берилет
Кыргызстанда тоолорго чыгууга ниеттенген туристтерге GPS-трекер берилет, бул алардын коопсуздугун сактоого чоң жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында КР Президентинин жана Өкмөтүнүн иштерин башкаруучунун орун басары Талантбек Жунушев билдирди.
Айтымында, 14 жаштагы Амирдин өлүмүнөн кийин Каныбек Туманбаев тапшырма койгон.
“GPS-трекер – Спутник менен иштейт, камтуу аймагын карабайт, кайсы жер, кайсы убак болбосун так маалымат берет. Анда SOS кнопкасы бар, жаран аны басса, кайсы жакта турганы дароо аныкталат. Эки саатка чейин кыймылсыз туруп калса, ал дагы билинет”, - деди Жунушев.
Ал ошондой эле, “Ала Арча” жаратылыш паркына баруучулардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканын билдирди.
“Мурда күнүнө 5-10 киши барса, азыр 5 миңден 10 миңге чейин кирет. Дем алыш күндөрү 500-700 адам сейилдөө үчүн барышат. Базарга баргандай эле болуп калды. Көп адамдар сейилдеп баратышып эле, андан ары тоолорго кетип калышат. Анын баарын кантип көзөмөлдөйбүз?” – деди ал.
Маалым болгондой, аталган жаратылыш паркында жолдон адашып кеткен туристтер үчүн атайын алачыктар жасалган, ичинде ысык чай, вай-фай бар. Бирок Амир көз жумган Адыгене капчыгайына эл көп барбагандыктан, ал жакка алачык жасалган эмес.
