КР Акыйкатчы институтуна 2025-жылы 11 өлкөнүн 36 жаранынан кайрылуу келип түшкөн
Акыйкатчы институту
18 ноябрь

КР Акыйкатчы институтуна 2025-жылы 11 өлкөнүн 36 жаранынан кайрылуу келип түшкөн

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өткөн омбудсмендердин эл аралык конференциясына катышып, сөз сүйлөдү.

Конференциянын жүрүшүндө ар бир адамдын ишенимин, маданий өзгөчөлүгүн сактоо, тилин жана каада-салтын коргоо, ошондой эле эркиндик жана жеке кол тийбестик укуктары талкууланды.

Жамиля Жаманбаева “Чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктары: омбудсмендердин кызматташуу механизмдери жана тажрыйбасы” аттуу сессияда баяндама жасады.

Ал чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо максатында Акыйкатчы Институту башка мамлекеттердин адам укуктарын коргоо мекемелери менен тыгыз кызматташып келерин белгиледи.

Мисал катары Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен болгон кызматташтыкты атап, жарандарды биргелешип кабыл алуу алардын көйгөйлөрүн ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө жардам берерин айтты.

“Мекенинен алыс жүргөн адам ошол өлкөнүн мыйзамдарын билбей ар кандай кырдаалга туш болуп, тилдик тоскоолдуктардан улам юридикалык жардам алууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан, алардын укуктарын коргоо механизмдеринин жеткиликтүү болушу өзгөчө маанилүү”, — деди Акыйкатчы.

Ошондой эле ал Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктарын коргоо маселесине да Акыйкатчы Институту өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылы институтка жалпы 11 өлкөнүн 36 жаранынан кайрылуу келип түшкөн.

Ал эми 2026-жылдын 10 айында 21 мамлекеттин жаранынан 91 кайрылуу келген. Анын ичинен 27си Пакистандын, 23ү Россиянын, алтоо  Түркиянын жана бешөө Өзбекстандын жарандарынан келген кайрылуулар. Калган кайрылуулар Казакстан, Тажикстан, АКШ, Нигерия, Кытай, Германия, Украина, Индия, Иран, Улуу Британия, Сауд Арабиясы, Сирия, Швеция, Эстония, Польша, Египет жана Кубадан.

Белгилей кетсек, эл аралык конференцияга дүйнөнүн 70 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты.