Ошто коомдук тартипти сактоого чакырган жарандар сабалган. Шектүүлөр кармалды
Ошто коомдук тартипти сактоого чакырган жарандар ур-токмокко кабылган. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуянын видеосу 16-ноябрда интернетке тараган. Видеодон Төлөйкөн кичирайонунда бир топ жарандардын коомдук тартипти бузуп, түнкүсүн мушташып жатышкандыктарын көрүүгө болот.
Бул факт боюнча Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан окуянын чоо-жайын аныктоо жана анын катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.
Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан бул окуянын бардык катышуучуларынын өздүгу аныкталып, аталган бөлүмгө алынып келинди.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, 16-ноябрда Төлөйкөн кичирайонунун күн батыш тарабындагы унаа токтотуучу тарапта түнкү саат 01:00 чамасында бир нече жаран мас абалында коомдук тартипти одоно бузуп, көчөдө жай бара жаткан Ош шаарынын 3 тургунунун коомдук тартипти бузбай, тынчыраак отурууну эскерткен эскертүүсүн туура эмес кабыл алышып, эч себепсиз ур-токмокко алып денелерине зыян келтирген.
Аталган окуя Ош шаарынын ИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, окуяга күбө болгон атуулдар суракка алынып, жабырлануучуларга тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган.
Тынчтыкка чакырган жарандарга зомбулук корсотушүп, ур-токмокко алган жарандардын кыймыл аракетине юридикалык баа берилет.
