Бишкектин мэрине жана анын орун басарларына жеке кабыл алууга кантип жазылууга болот?
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жеке кабыл алуусуна жазылуу муниципалитеттин коомдук кабылдамасы аркылуу жүргүзүлөт.
Жеке кабыл алууга жазылуу үчүн шаар тургундары төмөнкү дарекке кайрылышы керек: Чүй проспектиси, 360, №117-кабинет. Андан соң кайрылуунун маңызын кыскача баяндаган жазуу жүзүндөгү арыз калтыруу зарыл. Арыз ээсинин аты-жөнү алдын ала тизмеге киргизилип, кабыл алууга 2–3 күн калганда жолугушуунун күнү жана убактысы тууралуу кабар берилет.
Мэрдин жеке кабыл алуусуна жазылуу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга болот: 0312-97-91-95 (ички номерлери: 4238, 4237, 0508).
Ал эми мэрдин орун басарларынын жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн тиешелүү кабылдамаларга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылуу зарыл:
0312-97-91-95 (ички номери: 1902) — экономика жана финансы маселелери боюнча мэрдин биринчи орун басары К. Б. Иманалиевдин кабылдамасы;
0312-97-91-95 (ички номери: 1903) — социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Р. И. Мусаеванын кабылдамасы;
0312-97-91-95 (ички номери: 1901) — турак жай-коммуналдык чарба, транспорт жана жол маселелери боюнча мэрдин орун басары Р. Г. Алиевдин кабылдамасы;
0312-97-91-95 (ички номери: 1903) — жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча мэрдин орун басары А. Муратбектин кабылдамасы;
0312-97-91-95 (ички номери: 1904) — отун-энергетика комплекси маселелери боюнча мэрдин орун басары Н. А. Керимовдун кабылдамасы.
Мындан тышкары, шаардык муниципалитетте ишеним телефонутда иштейт: 610705.
