Транзиттик декларациядагы маалыматтар дал келбей, бюджетке 1,4 млн сом өндүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери «Автомобильный» бажылык тариздөө жайына автоунаа ташуучу чиркегич менен жеткирилген сегиз автоунааны текшерүү учурунда бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эки автоунаанын VIN-коддоруна дал келген товарды коштоочу документтер жок экени белгилүү болду. Кошумча текшерүүнүн натыйжасында аталган автоунаалардын транзиттик декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтар иш жүзүндө башка транспорт каражаттарына тиешелүү экени аныкталды.
Аныкталган факт боюнча топтолгон материалдар зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыян эки эселенген өлчөмдө өндүрүлүп, мамлекеттик бюджетке 1 406 564 сом которулду.
