Кара-Суу базаранын соодагерлери уюштургун митинг боюнча текшерүү иштери башталды
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы
18 ноябрь

Кара-Суу базаранын соодагерлери уюштургун митинг боюнча текшерүү иштери башталды

Кара-Суу базаранын соодагерлери уюштургун митинг боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Милициянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 18-ноябрында Кара-Суу шаарындагы «Туратали» борбордук базарында иштеген соодагерлер Кара-Суу райадминистрацияга чогулуп келишип, ижара акысын азайтууга байланыштуу өз сунуштарын билдиришкен.

Бул факты Кара-Суу РИИБге каттого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда аталган маселе тиешелүү жетекчилерге жеткирилип, аны жөнгө салуу боюнча сунуштар каралууда.

Базар администрациясынын маалыматына ылайык, айтылган сунуштар жана пикирлер каралып, чечим кабыл алынат.

Окуя болгон жерде Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жарандарга коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ош ОИИБ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана окуяларга байланыштуу маалыматтарды расмий булактардан алууга чакырат.