Зыян 4 млн сомго жакын. Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген
Жалал-Абадда жарандарга мыйзамсыз пенсия чегерилгендиги аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Жалал-Абад психиатриялык аймактык райондор аралык медико-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү медициналык-социалдык экспертизаларды жүргүзбөстөн, «ИС МСЭК» маалыматтык системасы аркылуу жасалма маалымкаттарды түзүп, алардын негизинде 2025-2026-жылдары 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилип, натыйжада мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
